# Исфана шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-октябрындагы № 20/12 «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планын бекитүү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Исфана шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-октябрындагы № 20/12 «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планын бекитүү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/2
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280974>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-34701/edition/726255/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Исфана шаардык кеңешинин 2015-жылдын 23-октябрындагы № 20/12 «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планын бекитүү жөнүндө» токтому (23.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280974

---

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

2015-жылдын 23-октябры № 20/12 «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планын бекитүү жөнүндө» Исфана шаар мэриясынын Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын негизинде түзүлгөн Исфана шаар мэриясынын иш-планы жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-чаранын аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы Исфана шаар мэриясына тапшырылсын.

3. Мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин билим беруу, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А. Рахманкулов
