Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ак-Суу айылдык кеңешинин «Ак Суу айыл аймагында түзүлгөн карыялар кеңешинин, аксакалдар сотунун төрагаларына аялдар кеңешинин төрайымына жана жаштар борборунун координаторуна компенсация төлөп берүү жөнүндө» токтому
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2014-жылдын 20-февралы № 9-8 Ак Суу айыл аймагында түзүлгөн карыялар кеңешинин, аксакалдар сотунун төрагаларына аялдар кеңешинин төрайымына жана жаштар борборунун координаторуна компенсация төлөп берүү жөнүндө Ак Суу айылдык кеңешинин сессиясы Ак Суу айыл аймагында түзүлгөн карыялар кеңешинин, аксакалдар сотунун төраларына ,аялдар кеңешинин тороайымына жана жаштар кеңешинин координаторуна компенсация толоп берүү жөнүндө Ак Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы С. Эрназаровдун билдирүүсүн угуп төмөнкүлөрдү белгилейт. “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү” 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 сандуу мыйзамынын, КР ИИМдин 2008-жылдын 28-февралындаг № 162 буйругунун жана Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы–губернатордун 2008-жылдын 21-майындагы № 1-2/101 токомунун негизинде жер-жерлерде уюштурулган КААБдардагы коомдук башталыштагы коомдук уюмдарга компенсация төлөп берүү жагы жергиликүү өзүн өзү башкаруу органдарына милдеттендирилген. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак Суу айыл аймагында түзүлгөн карыялар кеңешинин, аксакалдар сотунун төрагаларына, аялдар кеңешинин төрайымына жана жаштар кеңешинин координаторуна жылына бир жолу 5000 (беш миң) сомдон компенсация айыл өкмөтүнүн ар түрдүү чыгымдар статьясынан төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо ФЭБ башчысы Х. Кушбаковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага
С. Асланкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөЗакон · 25.06.2005 · № 82 · Күчүн жоготкон