Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ленин айылдык кеңешинин «Гавриловка жана Фрунзе айылдардын аталыштарына тарыхый аталыштардагы аттарын берүү жөнүндө» токтому
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык кеңешинин XIX сессиясынын
2015-жылдын 30-январы № 4 Гавриловка жана Фрунзе айылдардын аталыштарына тарыхый аталыштардагы аттарын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19 –августундагы № 467 “Кыргыз Республикасынын администрациялык- аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык коммиссиянын ишмердиги жөнүндө” Жобого ылайык күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XIX сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл аймагындагы Гавриловка жана Фрунзе айылдарына тарыхый аттары берилип мындан кийин Гавриловка айылы Орто-Сай айылы деп, ал эми Фрунзе айылы Жыгач-Коргон айылы деп аталсын.
2. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага
Б. Токтосунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон