# С. Юсупова айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-мартындагы № 22-7 "Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнанын арызын кароо жөнγндө" токтому

- Толук аталышы: С. Юсупова айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-мартындагы № 22-7 "Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнанын арызын кароо жөнγндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 22-7
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280614>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-34345/edition/724493/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: С. Юсупова айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-мартындагы № 22-7 "Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнанын арызын кароо жөнγндө" токтому (22.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280614

---

С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

2015-жылдын 22-марты № 22-7 Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнанын арызын кароо жөнγндө Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнанын Араван айылынын Ленин көчөсγндөгγ көп кабаттуу № 41-γйдγн жеке менчик № 3-батирине тиешелγγ жер тилкесинин ичинен 17,05 м2 жер тилкесин багытын өзгөртγп, аптека багытына которууга макулдук сурап жазган арызын карап, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтерди γйрөнγп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтγнγн 30.05.2008-жылдагы Кыргыз Республикасында кыймылсыз мγлк обьекттерин долбоорлорго, курууга жана башка өзгөртγγгө уруксат документтерди берγγнγн тартиби жана курулушу бγткөн обьекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнγндө” № 252-токтому менен бекитилген жобонун негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнага Араван айылынын Ленин көчөсγндөгγ көп кабаттуу № 41-γйдγн жеке менчик № 3-батирине тиешелγγ жер тилкесинин ичинен 17,05 м2 жер тилкесин багытын өзгөртγп, аптека багытына которууга макулдук берилсин.

2. Жер тилкесин багытын өзгөртγп, аптека багытына которуу маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча тγзγлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда пайдаланууга берγγ жагы сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтγнө жγктөлсγн.

Төрага

Б. Маннанов
