Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
С. Юсупова айылдык кеңешинин «Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнанын арызын кароо жөнγндө» токтому
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2015-жылдын 22-марты № 22-7 Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнанын арызын кароо жөнγндө Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнанын Араван айылынын Ленин көчөсγндөгγ көп кабаттуу № 41-γйдγн жеке менчик № 3-батирине тиешелγγ жер тилкесинин ичинен 17,05 м2 жер тилкесин багытын өзгөртγп, аптека багытына которууга макулдук сурап жазган арызын карап, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтерди γйрөнγп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтγнγн 30.05.2008-жылдагы Кыргыз Республикасында кыймылсыз мγлк обьекттерин долбоорлорго, курууга жана башка өзгөртγγгө уруксат документтерди берγγнγн тартиби жана курулушу бγткөн обьекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнγндө” № 252-токтому менен бекитилген жобонун негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван айылынын П. Каюмов (мурдагы Г. Гулам) көчөсγнγн тургуну Холматова Моминахон Махаматовнага Араван айылынын Ленин көчөсγндөгγ көп кабаттуу № 41-γйдγн жеке менчик № 3-батирине тиешелγγ жер тилкесинин ичинен 17,05 м2 жер тилкесин багытын өзгөртγп, аптека багытына которууга макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин багытын өзгөртγп, аптека багытына которуу маселеси С. Юсупова айыл Өкмөтγнγн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча тγзγлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтγ тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда пайдаланууга берγγ жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу көмиссиясына жана айыл Өкмөтγнө жγктөлсγн.
Төрага
Б. Маннанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы № 252 " Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат…Постановление · 30.05.2008 · № 252 · Күчүн жоготкон