Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кашка-Суу айылдык кеңешинин «Тосту айылына айыл статусун берүү жөнүндө» токтому
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы
2016-жылдын 24-февраы № 4/3 Тосту айылына айыл статусун берүү жөнүндө Каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н. Акынбеков билдирүү жасады жана ал төмөндөгүлөргө токтолду. Айыл аймагындагы Тосту айылына айыл статусун берүү жөнүндөгү кайрылуулар түшкөндүгүн жана алардын кайрылууларын канааттандыруу максатында айылдык кеңешке чейинки даярдалган баштапкы иш кагаздарын карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомунун негизинде, айыл статусун алуу боюнча даярдалган тийиштүү болгон баштапкы иш кагаздарды карап чыгып айылдык кеңештин бекитүүсүно маселе коюлуп жаткандыгын айтты. Андан кийин чыгып сүйлөгөн депутаттар Калетов А, Жоробеков А, Мырзакайым кызы Г, Козубаева Г, Акматбекова Аидалар бул маселени карап чыгып жогоруда аталган айылдарга айыл статусун берүү жөнүндөгү айыл жашоочуларынын кайрылууларын канааттандыруу жагын айтышты. Себеби, жылдан жылга калктын саны өсүп, бул айылдарда турак үйлөр көбөйүп, айылдын борборунан ыраакы болгондуктан көйгөйлүү маселелер көбөйүп кеткендиктен бул маселе көтөрүлдү дешет. Каралган маселе боюнча угуп жана талкуулап Кашка-Суу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тосту айылына айыл статусун берүү жөнүндөгү анда жашаган айыл жашоочуларынын кайрылуулары канааттандырылсын.
2. Айыл статусун алуу боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын даярдап тийиштүү болгон жогорку органдарга кыска мөөнөттө жеткирүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду КРнын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик РЭЭСтрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Давлетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 667 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.10.2017 · № 667 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон