# Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 172 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн 2014-жылга аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 172 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн 2014-жылга аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 172
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-34270/edition/731895/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2015-жылдын 17-июнундагы № 172 "Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн 2014-жылга аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө" токтому (17.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280539

---

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы

2015-жылдын 17-июну № 172 Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн 2014-жылга аткарган иштеринин маалыматы жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XXI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын байланыш бөлүмүнүн кызматкерлерин 2014-жылга аткарылган иштери төмөндөгү кемчиликтери менен жактырылсын деп табылсын.

2. Байланыш бөлүмүнүн тейлөөсүндө маалыматтарды жарыялоо тактасынын жоктугу белгиленсин. Бир айлык мөөнөт ичинде маалымат тактасын орнотуу жагы байланыш бөлүмүнүн кызматкерлеринен суралсын.

3. Байланыш бөлүмүнүн имаратына каалга койдуруп, ажаткана куруп берүү үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүштүрүү жагы айыл өкмөттүн финансы бөлүм башчысы Ж. Садыковго жана айыл өкмөт башчысы Ө. Төрөкуловго жүктөлсүн.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Төрага

Ж. Ысырайылов
