# Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 327 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан Ош шаарында курулган кѳп кабаттуу γйлѳрдγн жер тилкелеринин максаттуу багытын ѳзгѳртγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 327 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан Ош шаарында курулган кѳп кабаттуу γйлѳрдγн жер тилкелеринин максаттуу багытын ѳзгѳртγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 327
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280468>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-34199/edition/723879/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280468.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 10-февралындагы № 327 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан Ош шаарында курулган кѳп кабаттуу γйлѳрдγн жер тилкелеринин максаттуу багытын ѳзгѳртγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ" токтому (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280468

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXХVII СЕССИЯСЫ

(III чакырылыш)

2016-жылдын 10-февралы № 327 Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан Ош шаарында курулган кѳп кабаттуу γйлѳрдγн жер тилкелеринин максаттуу багытын ѳзгѳртγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 478/08-5-катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 35-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан Ош шаарынын аймагында курулган тѳмѳнкγ кѳп кабаттуу турак-жайлардын жер тилкелеринин максаттуу багытын ѳзгѳртγγгѳ макулдук берилсин:

- Атабаев кѳчѳсγнγн № 154 «Б», дарегинде жайгашкан 2100,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- А.Шакиров кѳчѳсγнγн № 275/4 дарегинде жайгашкан 2522,0 чарчы метр жер тилкесин калкты тейлѳѳ багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Анар кичи районунун № 7“А” дарегинде жайгашкан 4500,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- И.Разаков кѳчѳсγнγн № 18“А” дарегинде жайгашкан 2550,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Салиева кѳчѳсγнγн № 48“А” дарегинде жайгашкан 5000,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Салиева кѳчѳсγнγн № 48“Б” дарегинде жайгашкан 2870,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Салиева кѳчѳсγнγн №48“В” дарегинде жайгашкан 4900,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Касымбеков кѳчѳсγнγн №3“А” дарегинде жайгашкан 1500,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Мотор кѳчѳсγнγн № 4,6,8,10,12 дарегинде жайгашкан (5 корпус) 8000,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Авиценна кѳчѳсγнγн № 20“А” дарегинде жайгашкан (2 корпус) 6000,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Анар кичи району № 16 “Б” дарегинде жайгашкан 2000,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Кѳкγм-Бий кѳчѳсγнγн №102 дарегинде жайгашкан 1800,0 чарчы метр жер тилкесин калкты тейлѳѳ багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Кара-Суу кѳчѳсγнγн № 36 дарегинде жайгашкан 2800,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына;

- Абдыкадыров кѳчѳсγнγн № 197 “Г” дарегинде жайгашкан 1500,0 чарчы метр жер тилкесин ѳндγрγш багытынан кѳп кабаттуу турак-жай куруу багытына.

2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев)

- жер тилкелеринин максаттуу багыттарын ѳзгѳртγγ боюнча тиешелγγ иш кагаздарын жγргγзγγ;

- жогоруда аталган кѳп кабаттуу γйлѳрдγ муниципалдык менчик обьекттеринин реестирине киргизγγ жана аны бекитγγ γчγн мыйзамда кѳрсѳтγлгѳн тартипте Ош шаардык кеңешинин кароосуна киргизγγ милдеттендирилсин.

3. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Марифов) жогоруда аталган жер тилкелеринин укук-кγбѳлѳндγрγγчγ иш кагаздарын даярдап берγγ жагы милдеттендирилсин.

4 .Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жγктѳлсγн.

Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу

А. Аланов
