Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчиктеги имаратты Мамкаттоого берүү жана кошумча имарат курууга парктан жер аянтын берүү жөнүндө» токтому
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI сессиясы
2016-жылдын 24-февралы № 26/5 Муниципалдык менчиктеги имаратты Мамкаттоого берүү жана кошумча имарат курууга парктан жер аянтын берүү жөнүндө Кочкор райондук Мамкатоо башкармалыгы 216-жылдын 19-февралындагы № 96-каты Кочкор райондук граждандардын абалынын актыларын каттоо бөлүмүнүн имаратын жанаша жер аянты менен мамкаттоого өткөрүп берүүнү сурап кайрылган. Мамкаттоо башкармалыгынын катын карап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708-токтомунун 2-пунктунун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Кочкор райондук граждандардын абалынын актыларын каттоо бөлүмүнүн имараты, анын орду жана жанаша жер аянты бардыгы 1474,32 чарчы метр жер аянты менен Кочкор райондук Мамкаттоо башкармасына баланстан баланска акысыз өткөрүлүп берилсин.
2. Имаратты жанаша жер аянты менен өткөрүп берүү жана курулуш курууга уруксаат берүү Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М. Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага
А.Т. Аситов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 17.11.2009 · № 708
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон