Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө» токтому
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXIV сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 24/2 Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 26-сентябрындагы №150-токтомунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо максатында Кочкор айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айыл өкмөтү боюнча Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочуларынын протоколдору бекитилсин.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Деркембаев Шаршенбек Асыкулович, Сапаев Адамбек ,Садырбаев Кубанычбек Идирисович, Бейшекеева Светлана Абдыкеримовна, Деркембаев Карыпбек Момункуловичтердин талакекерликтери сунушталсын.
3. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясына сунушталган талапкерлерди Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага
А. Аситов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62