# Талас шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 1 "Манас районундагы айылдык аймактары арасында муниципалдык “Техникалык сервис” ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Талас шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 1 "Манас районундагы айылдык аймактары арасында муниципалдык “Техникалык сервис” ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.02.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33986/edition/722454/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Талас шаардык кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 1 "Манас районундагы айылдык аймактары арасында муниципалдык “Техникалык сервис” ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (05.02.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280255

---

ТАЛАС ШААРДЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин VI-чакырылыштагы кезексиз XXX сессиясы

2015-жылдын 5-февралы № 1 Манас районундагы айылдык аймактары арасында муниципалдык “Техникалык сервис” ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасы жөнүндө”№ 548- токтомунда каралаган райондордун борборлорунда техникалык сервис кызматтарын түзүү жөнүндөгү маселени талкуулап Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 24.09.2014-ж № 548 токтомунун негизинде Манас районундагы айылдык аймактары арасында муниципалдык “Техникалык сервис” ишканасын түзүү жөнүндөгү маселе колдоого алынсын;

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А.Кермалиевге милдеттендирилсин.

Төрага

Г.А. Садырова
