# Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 20164-мартындагы № 28/27-7 "Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2013-жыл 4-июлдагы №28/7-1 токтому менен бекитилген жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ"

- Толук аталышы: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 20164-мартындагы № 28/27-7 "Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2013-жыл 4-июлдагы №28/7-1 токтому менен бекитилген жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 28/27-7
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22604/edition/1095062/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 20164-мартындагы № 28/27-7 "Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2013-жыл 4-июлдагы №28/7-1 токтому менен бекитилген жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ" (19.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280236

---

(Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 19-февралындагы № 29/32-1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

20164-марты №28/27-7 Чолпон-Ата шаардык кеңешинин 2013-жыл 4-июлдагы №28/7-1 токтому менен бекитилген жобого ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык менчиктеги жерлерин натыйжалуу пайдалануу, Чолпон-Ата шаарынын айрым укуктук-ченемдик актыларын ирээтке келтирγγ максатында жана Кыргыз Республикасынын “Мулккѳ муниципалдык менчик” жѳнγндѳ Мыйзамынын 20-беренесине ылайык жана Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2016-жыл 26-февралдагы № 09/130 иш кагазын карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чолпон-Ата шаардык кенешинин 2013-жыл 4-июлдагы №28/7-1 токтому менен бекитилген Чолпон-Ата шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын Жобосуна толуктоолор, ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин.

2. 2.4.1-бѳлγмγндѳгγ “Чолпон-Ата шаарынын мекеме-ишканалары”- деген сγйлѳмдѳн кийин “ жеке жана юридикалык жактар менен ”- деген сγйлѳм менен толукталсын.Ушул бѳлγмдѳгγ сγйлѳмдγн аягы “муниципалдык мγ\[i\]лктγ сатууну ишке ашырат”-деген сγйлѳм менен толукталсын.

3. 2.4.2.- бѳлγмγндѳгγ “муниципалдык менчиктеги обьектилердин абалынын начарлашына алып келген ишканаларга”-деген сγйлѳмдун кийин “жеке жана юридикалык жактарга”-деген сγйлѳм менен толукталсын. Ушул бѳлγмдγн аягындагы “ѳндγрγлгѳн буюмдарды мындан сырткары ижара акысын коюуга”-деген сγйлѳм алынып салынып, “ келтирилген чыгымдарды калыбына келтирγγ боюнча чараларды кѳрѳт”-деген сγйлѳм менен толукталсын.

4. 2.4.9- бѳлγм “Жаны муниципалдык ишканаларды тγзѳт, муниципалдык мекеме-ишканалардын чарбалык иштерин тескейт жана кѳзѳмѳлдѳйт-деген толуктоо киргизилсин.

5. Токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин “Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш” жана “Экология, корктондуруу, жашылдандыруу, транспорт байланышы, турак-жай курулуш жана жер маселелери” боюнча туруктуу комиссияларына жγктѳлсγн.

Төрага

Б. Иманбеков
