# Ак-Суу айыл кеңешинин 2015-жылдын 22-январындагы № 16-3/3 "ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин 2013-жылы үчүн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган 82600 сомду кайтарып берγγ жүнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ак-Суу айыл кеңешинин 2015-жылдын 22-январындагы № 16-3/3 "ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин 2013-жылы үчүн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган 82600 сомду кайтарып берγγ жүнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16-3/3
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280205>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33939/edition/710008/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ак-Суу айыл кеңешинин 2015-жылдын 22-январындагы № 16-3/3 "ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин 2013-жылы үчүн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган 82600 сомду кайтарып берγγ жүнүндө" токтому (22.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280205

---

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Суу айыл кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги16-сессиясы

2015-жылдын 22-январы № 16-3/3 ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин 2013-жылы үчүн жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган 82600 сомду кайтарып берγγ жүнүндө ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин 2013-жылы учун жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө болгон салыктык эмес төлөмү үчүн которулган 82600 сомду кайтарып берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын директору К.Эргешбаевдин кайрылуусунда көрсөтүлгөн маалыматтар 20.06.2012-жылдагы №89 салыктык эмес төлөмдөр жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-статьясынын 3-пунктуна негиз туура эмес которулгандыгы белгиленсин.

2. Көрсөтүлгөн суммадагы акча каражаты ОсОО “Асыл -Кен» ишканасынын эсептик счетуна которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О.Камчыбековго милдеттендирилсин.

Төрага

К. Төрөкулов
