Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы 0,48 га жер тилкесин трансформациялоо иштерин жγргγзγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезексиз XXXVI сессиясы (III чакырылыш)
2016-жылдын 16-январы № 315
Ош шаарынын аймагындагы айыл чарба багытындагы 0,48 га жер тилкесин трансформациялоо иштерин жγргγзγγгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 9-октябрындагы № 408/08-6, 2016-жылдын 12-январындагы № 3/08-6 каттарын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер Кодексинин 20-беренесинин 12-пунктуна ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 33-токтомун эске алып, Ош шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Н. Исанов кѳчѳсγ менен Ленин кѳчѳсγн бириктирγγ γчγн долбоорлонуп жаткан кѳпγрѳнγн жана жолдун курулуш аймагына кирген “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгынын Тѳлѳйкѳн айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы 0,48 га жер тилкесин трансформациялоо иштерин жγргγзγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясы (А. Кадырбаев) жогорудагы жер тилкесин трансформациялоо боюнча тиешелγγ иш кагаздарын даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ кайрылуу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу
А. Аланов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 33-VI "Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.11.2015 · № 33-VI
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.