# Зергер айылдык кеңешинин 2015–жылдын 5-июнундагы № 82 "Зергер айыл аймагынын Кутурган айылындагы автомобиль жолун Кыргыз Респуб¬ликасынын Транспорт жана коммунакациялар министрлигинин балансына ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ" токтому

- Толук аталышы: Зергер айылдык кеңешинин 2015–жылдын 5-июнундагы № 82 "Зергер айыл аймагынын Кутурган айылындагы автомобиль жолун Кыргыз Респуб¬ликасынын Транспорт жана коммунакациялар министрлигинин балансына ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 05.06.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.06.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280083>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-33825/edition/703072/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.06.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Зергер айылдык кеңешинин 2015–жылдын 5-июнундагы № 82 "Зергер айыл аймагынын Кутурган айылындагы автомобиль жолун Кыргыз Респуб¬ликасынын Транспорт жана коммунакациялар министрлигинин балансына ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ" токтому (05.06.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280083

---

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Зергер айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз ХVII сессиясынын

2015–жылдын 5-июну № 82 Зергер айыл аймагынын Кутурган айылындагы автомо­биль жолун Кыргыз Респуб­ликасынын Транспорт жана коммунакациялар министрлигинин балансына ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ Кыргыз Республикачынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» мыйзамынын 31 - беренесин жетекчилике алып, Зергер айыл айма­гынын Кутурган айылы алыскы тоолу айыл, кышы оор жана жаратылыш шарты татаал экендигин эске алып, айыл элине жакшы жашоо шартын кам-сыз кылып берγγ максатында, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жѳнγндѳгγ» мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Зергер айылдык кеңешинин кезектеги он жетинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ѳзгѳн-Зергер автомобиль жолунун 16-чакырымынан Зергер айыл айма­гынын Кутурган айылындагы 8,5 чакырым ички автомобиль жолун Кыр­гыз Республикасынын Транпорт жана коммуникациялар министрлиги-нин балансына ѳткѳрγп берγγ суралсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министирлигине тийиштγγ докумерттерди даярдап берγγ жана тийиштγγ иш чарала-рды жγргузγγ Зергер айыл ѳкмѳтγнѳ милдеттендирилсин.

Төрага:

Т. Ибраимов
