# 8-статья. Кредиттик союздун уставы

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236816..7888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 8-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-8

---

1. Кредиттик союз анын негизги документи болуп саналган уставдын негизинде иш алып барат. Кредиттик союзга мүчө болуу менен катышуучулар кредиттик союздун уставынын жоболорун жактырууга жана аны аткарууга милдеттенмелерди алышат.

2. Кредиттик союздун уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:

1) (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

2) кредиттик союздун толук жана кыскартылып берилген фирмалык аталышын;

3) кредиттик союз жалпы кызыкчылыкты көздөгөн топ тарабынан түзүлгөндүгүн жана ошол топтун иш мүнөзүнүн жалпылыгынын аныктамаларын ырастоону;

4) кредиттик союз ишин жүзөгө ашыра турган аймакты аныктоо;

5) кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери жөнүндөгү жобону;

6) катышуучулардын кредиттик союзга өтүүсүнүн жана андан чыгуусунун (чыгаруунун) тартибин жана шарттарын;

7) кредиттик союзга кирүү учурунда төлөнүүгө тийиш болгон сактык пайларынын минималдуу өлчөмүн белгилөөнү;

8) кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларын салуусунун жана андан алуусунун тартибин жана шарттарын;

9) кредиттик союздун катышуучуларынын реестри жөнүндөгү жоболорду;

10) кредиттик союздун башкаруу органдары тууралу жоболорду; кредиттик союздун катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен чечилүүгө тийиш болгон маселелерди кошуп алганда, башкаруу органдарынын чечим кабыл алуусунун тартибин;

11) кредиттик союздун башкаруу органдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү;

12) кредиттик союздун катышуучуларына кредиттерди берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле алардын камсыз кылынышына карата талаптарды;

13) кредиттик союздун бош калган акча каражаттарын жайгаштыруунун тартибин жана алар салынышы мүмкүн болгон финансы-кредиттик уюмдардын түрлөрүн;

14) мүмкүн болуучу кредиттик коромжулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган резервдерди, ошондой эле эгерде, аларды түзүү каралып кала турган болсо, кредиттик союздардын башка резервдерин, түзүүнүн тартибин;

15) кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин;

16) кредиттик союздун ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду.

3. Кредиттик союз өзүнүн уставына киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралу алар киргизилген учурдан кийинки бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдирүүгө милдеттүү.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-9)
