8-статья. Кредиттик союздун уставы
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78
8-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 8-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Кредиттик союз анын негизги документи болуп саналган уставдын негизинде иш алып барат. Кредиттик союзга мүчө болуу менен катышуучулар кредиттик союздун уставынын жоболорун жактырууга жана аны аткарууга милдеттенмелерди алышат.
2. Кредиттик союздун уставы төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
2) кредиттик союздун толук жана кыскартылып берилген фирмалык аталышын;
3) кредиттик союз жалпы кызыкчылыкты көздөгөн топ тарабынан түзүлгөндүгүн жана ошол топтун иш мүнөзүнүн жалпылыгынын аныктамаларын ырастоону;
4) кредиттик союз ишин жүзөгө ашыра турган аймакты аныктоо;
5) кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери жөнүндөгү жобону;
6) катышуучулардын кредиттик союзга өтүүсүнүн жана андан чыгуусунун (чыгаруунун) тартибин жана шарттарын;
7) кредиттик союзга кирүү учурунда төлөнүүгө тийиш болгон сактык пайларынын минималдуу өлчөмүн белгилөөнү;
8) кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларын салуусунун жана андан алуусунун тартибин жана шарттарын;
9) кредиттик союздун катышуучуларынын реестри жөнүндөгү жоболорду;
10) кредиттик союздун башкаруу органдары тууралу жоболорду; кредиттик союздун катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен чечилүүгө тийиш болгон маселелерди кошуп алганда, башкаруу органдарынын чечим кабыл алуусунун тартибин;
11) кредиттик союздун башкаруу органдарынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүнү;
12) кредиттик союздун катышуучуларына кредиттерди берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле алардын камсыз кылынышына карата талаптарды;
13) кредиттик союздун бош калган акча каражаттарын жайгаштыруунун тартибин жана алар салынышы мүмкүн болгон финансы-кредиттик уюмдардын түрлөрүн;
14) мүмкүн болуучу кредиттик коромжулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган резервдерди, ошондой эле эгерде, аларды түзүү каралып кала турган болсо, кредиттик союздардын башка резервдерин, түзүүнүн тартибин;
15) кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартибин;
16) кредиттик союздун ишинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду.
3. Кредиттик союз өзүнүн уставына киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралу алар киргизилген учурдан кийинки бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдирүүгө милдеттүү.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
22.04.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жайгаштыруунун тартибин жана алар салынышы мүмкүн болгон алынып салынды: каржылык-кредиттик мекемелердин кошулду: финансы-кредиттик уюмдардын түрлөрүн;
14) мүмкүн болуучу кредиттик коромжулардын жана чыгым … 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № алынып салынды: 60 кошулду: 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2009 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/280/st-8" title="8-статья - Кредиттик союздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>