# 7-статья. Кредиттик союздун уюштуруучулары

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236811..1236812>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 7-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-7

---

1. Кредиттик союз:

1) ишинин же кесибинин мүнөзү боюнча жакын же иш берүүчүсү бир болгон же

2) бир же жакын жайгашкан калктуу бир нече же бир райондо жашаган 10 же андан ашык Кыргыз Республикасынын жеке жактары - резиденттери тарабынан түзүлөт.

2. Кредиттик союздарды уюштуруучулар төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) кредиттик союздун ишин жөнгө салуучу уставды кабыл алууга;

2) Башкарманын, кредиттик комитеттин жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоого;

3) өтүнүч катты толтурууга жана кредиттик союзду мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө;

4) лицензия алууга арызды тариздөөгө.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-8)
