# 4-статья. Кредиттик союздун иши

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236816..7888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 4-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-4

---

1. Кредиттик союз өз ишин баштоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкүдөй операцияларды жүргүзүүгө укук берүүчү лицензиясын алууга тийиш:

1) катышуучулардын сактык пайларын сатып алуусу аркылуу алардын акча каражаттарын тартуу;

2) кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөтүн тактоо, толугу менен кайтаруу, төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздардын реестрин жүргүзөт. Лицензиясы бар кредиттик союздар жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

Кредиттик союз кредиттик союздун уставында аныкталган аймакта иштейт.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясысыз кредиттик союз катары юридикалык жактын иш алып баруусуна тыюу салынат.

Лицензиясы жок иш алып баргандыгы үчүн кредиттик союзга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жүктөлөт.

4. Кредиттик союз бул операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык алынган лицензияда көрсөтүлгөн шартта, төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат:

1) кредиттик союздардын катышуучуларынан улуттук жана чет өлкөлүк валютада салымдарды (депозиттерди) тартууну;

2) кардарларга кредиттик союзда эсептерди ачпастан - банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашырууну;

3) кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик уюм менен келишим боюнча кредиттик союзда эсеп ачпастан эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууну;

4) өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашырууну;

5) мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында кредиттик союздардын катышуучуларына кредиттерди чет өлкөлүк валютада берүү.

5. Кредиттик союз ушул статьяда каралган финансылык кызматтарды (операцияларды) гана көрсөтүүгө, ошондой эле финансылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.

6. Депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздар гана ушул статьянын 4-пунктунун 25-пунктчаларында көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Эскертүү: КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр 4-статьянын расмий тилиндеги редакциясына киргизилди.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-3)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-41)
