# 33-статья. Кредиттик союздарды кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236816..7888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 33-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-33

---

1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен кайра өзгөртүп түзүлүшү (биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүп алуу) мүмкүн.

2. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык жана анын макулдугу менен жоопкерчилиги чектелген коом же акционердик коом түрүндөгү финансы-кредиттик уюм болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.

3. Кредиттик союз өз ыктыяры менен жоюла алат. Кредиттик союздардын өзүн жоюусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат:

- кредиттик союз лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензиялары менен бирге) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүн жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып үч күндүн ичинде тапшырууга тийиш;

- кредиттик союз кредиттерди берүүнү, уюмдун капиталына жана негизги каражаттарына инвестициялоону, сактык пайларды жана депозиттерди кабыл алууну өзүн жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып токтотууга тийиш;

- кредиттик союз кредиторлорунун жана катышуучуларынын алдындагы бардык милдеттенмелерди аткарууга тийиш.

4. Кредиттик союздун уставында ал ыктыярдуу жоюлган учурда бардык милдеттенмелер канааттандырылгандан кийин, анын төлөнгөн сактык пайлардын жалпы суммасынан ашып калган активдери, кредиттик союздун уставында каралган шарттарга ылайык, бардык катышуучулар ортосунда бөлүштүрүлө тургандыгы каралууга тийиш.

5. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиясы кайтарылып алынган төмөнкүдөй учурларда жоюлууга тийиш:

- эгерде кредиттик союзда добуш берүү укугуна ээ болгон жеке жактарынын - катышуучуларынын саны ондон кем болгондо;

- эгерде кредиттик союз ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык сактык пайлардын жалпы суммасынын минималдык өлчөмүн сактоого тиешелүү шарттарды аткарбаса;

- эгерде кредиттик союз системалуу түрдө (б.а. катары менен 12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) мыйзам жоболорун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актыларын. көрсөтмөлөрүн жана/же кредиттик союздун уставын бузса, анын натыйжасында кредиттик союздун иши кооптуу же финансылык жактан ишенимсиз болгондугу же болушу мүмкүн болсо;

- эгерде кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылса.

6. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензияны кайта алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күндүн ичинде лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензиялары менен бирге) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырууга, бир айдын ичинде - соттон тышкаркы тартипте жоюлуу жол-жобосун баштоого тийиш.

7. Кредиттик союзду жоюу боюнча милдеттер анын катышуучуларына же кредиттик союздун уставында жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт.

8. Кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооперативдерди банкроттукка чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт.

9. Төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда өз катышуучуларынан депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союз "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жоюлууга тийиш.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-34)
