# 31-статья. Кредиттик союздагы эсепке алуу жана отчеттуулук

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 31-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-31

---

1. Кредиттик союздун каржы жылы жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин белгиленет.

2. Кредиттик союздун бардык бухгалтердик китептери, отчеттору, бухгалтердик тутумдары жана кабыл алынган ички иш тартиби ишенимдүү чарбалык тажрыйбага, кредиттик союздун уставына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Отчеттордун мүнөзү, көлөмү, формаларынын тизмеси жана аларды берүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасыыын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.

3. Кредиттик союз бухгалтердик эсепке алууда жана отчетторду түзүүдө колдонулуучу документтердин катуу эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

Сакталууга тийиш болгон негизги документтердин тизмеси жана аларды сактоонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-32)
