# 30-статья. Кредиттик союздун ишин жөнгө салуу

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2025 [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=7888..40623>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 30-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-30

---

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы турукташкан каржы тутумун сактап туруу жана кредиттик союздардын катышуучуларынын кызыкчылыгын коргоо максатында кредиттик союздардын ишин жөнгө салат.

Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өз милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ченемдик актыларды (нускоолорду, директивалык көрсөтмөлөрдү ж.б.) чыгарууга, кредиттик союздун колунда болгон тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана алууга, ушул Мыйзамда жана банк мыйзамдарында каралган чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы лицензиясы бар союздардын ишин көзөмөлдөөнү алардын берген отчеттору жана маалыматтары боюнча кредиттик союздардын ишин иликтөө жана талдоо, ошондой эле жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздун ишине көзөмөлдук кылуу милдетин өзү ыйгарым укук берген органга тапшырышы же ушул ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте көзөмөлдү ишке ашырышы мүмкүн.

3. Кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу менен байланышкан өзүнүн милдетин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) экономикалык ченемдерди белгилөөгө;

2) кредиттик союздардын ишин текшерүүгө;

3) сактык пайларын кредиттик союздан алып коюуга чектөөлөрдү белгилөөнү кошуп алганда, кредиттик союздун каржылык абалын жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө;

4) кредиттик союздун ишинде кетирилип жаткан укук бузуулар менен кемчиликтерди четтетүү тууралу милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү жиберүүгө;

5) кредиттик союздун иши тууралу отчетторду жана башка документтерди же маалыматтарды талап кылууга жана алууга;

6) кредиттик союздун ишине тикеден-тике банк көзөмөлүн киргизүүгө;

7) кредиттик союзда убактылуу администрациялык тартипти киргизүүгө;

8) кредиттик союздун кээ бир операцияларын убактылуу токтотууга же чектөөгө;

9) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотууга же чакырып алууга;

10) республиканын мыйзам талабына ылайык кредиттик союзду жоюу процессин баштоого;

11) кредиттик союздун кызмат адамдарына мыйзам жоболорун бузгандыгы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбагандыгы же отчетторду системалуу бербегендиги же болбосо так эмес информация, отчет же маалымат бергендиги үчүн айып салуу.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алдын-ала кредиттик союзга далилдерди көрсөтүү менен кредиттик союздун иш жүзүндө же пландаштырып жаткан аракеттерин токтотуу тууралу төмөнкүдөй учурларда буйрук чыгарууга укуктуу:

1) кооптуу же ишенимсиз каржы ишин жүргүзгөн учурларда же жүргүзүүгө даяр болсо;

2) банк мыйзамдарын же Улуттук банктын ченемдик актыларын же жазуу жүзүндөгү талаптарын жана/же кредиттик союздун уставын бузууларга жол беришсе.

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул статьяда каралган таасир этүү чараларынан тышкары Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана сүткорлук ишти чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 , 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) VIII Глава Корутунду жобо

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-31)
