# 29-статья. Кредиттик союз тарабынан түзүлүүчү резервдер

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 29-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-29

---

1. Кредиттик союздар жоюлуп кеткен учурларды эске албаганда, кредиттик союздар кредиттер жана инвестициялар боюнча же кредиттик союздун катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болбогон активдер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн банк мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө резервдерди түзүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Респуликасынын Улуттук банкы төмөнкүлөргө укуктуу:

- резервдерге чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөөгө жана/же;

- резервдердин өлчөмүн эсептөө формуласын өзгөртүүгө жана/же;

- жүйөөлүү себептерден улам кайсыл болбосун бир же андан ашыгыраак отчеттук мезгилдерде резервдерди түзүүнүн талаптарын алып салууга.

Резервдерге чегерүүлөр сактык пайлары боюнча дивиденддерди төлөөгө чейин жүргүзүлүүгө тийиш.

3. Кредиттик союз кредиттик союздун иши менен байланышкан башка резервдерди түзүшү мүмкүн.

VII Глава Кредиттик союздун ишин жөнгө салуу

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-30)
