# 27-статья. Кредит берүү өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 27-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-27

---

1. Кредиттик союз кредиттик союздун Башкармасынын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиянын мүчөлөрүнө төмөндөгүдей шарттарды сактоо менен кредит берет:

1) берилип жаткан кредит ушул Мыйзамдын, уставдын жана башка катышуучуларга кредит берүүгө тиешелүү нускоолордун бардык талаптарына ылайык келет жана башка катышуучулар үчүн белгиленгендей шарттарда эле берилет;

2) кредиттик союздун ошол адамдарына берилгендердин, кредиттердин жалпы суммасы банк мыйзамдары тарабынан белгиленген жөнгө салуу талаптарын эске алуу менен кредиттик союздун уставында аныкталган өлчөмдөн ашпоого тийиш.

2. Ушул статьяда аталган адамдарга берилген кредиттердин жалпы суммасы мыйзам талабына ылайык, текшерүү комиссия жана/же аудит тарабынан дайыма текшерүүгө алынууга жана жылдык жалпы чогулушта кредиттик союздун башкармасынын мүчөлөрүнө жана баардык катышуучуларына маалымдалууга тийиш.

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-28)
