# 26-статья. Кредиттик союздардын жүзөгө ашырылган тарабынан карыз алуулар

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236816..7888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 26-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-26

---

1. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен кредиттик союздардын адистештирилген кредит уюмдарынан жана/же адистештирилген банктардан, коммерциялык банктардан, өкмөттүк органдардан, эл аралык каржы уюмдарынан жана келишимдердин негизинде тышкы булактардан каражаттарды ала алышат.

2. Эгерде кредиттик союздун кайсыл гана булактардан болбосун алынган кредиттеринин убагында төлөнбөй калган негизги суммасы же пайыздары боюнча карызы болсо, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар төлөнгөнгө чейин кредиттик союзга кредиттерди беришине, дивиденддерди же сактык пайларын алууга уруксат беришине тыюу салынат.

(КР 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-27)
