# 25-статья. Кредиттик союз тарабынан берилген кредиттер

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.10.2025 [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=7888..40623>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 25-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-25

---

1. Кредиттик союз өз катышуучуларына ушул Мыйзамда, банк мыйзамдарында каралган шарттарда кредиттерди бере алат.

Кредиттерди төлөөнүн мөөнөттөрүн жана шарттарын, кредит берүүнүн лимиттерин жана камсыз кылуунун алгылыктуу формаларын кошо алганда, жүргүзүлүп жаткан кредит саясатынын принциптери женүндөгү жобо банк мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушу тарабынан кабыл алынат.

2. Кредиттер кредиттик союздун уставынын жоболоруна ылайык жана банк мыйзамдарынын жөнгө салуучу талаптарын эске алуу менен төлөнгөн сактык пайларына ээ болгон кредиттик союздун катышуучусуна гана берилет.

Устав бир карыз алуучуга же өз ара байланыштары бар карыз алуучуларга, банктык мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуу талаптарын эске алуу менен берилүүгө тийиш болгон кредиттин максималдуу өлчөмүн белгиленген жобону камтууга тийиш.

3. Кредиттер камсыз кылынган, ошондой эле камсыз кылынбаган болушу мүмкүн. Кредиттик союздун катышуучусуна берилген кредит кредиттик союздун башка катышуучусу өзүнүн сактык пайларынын алдында берген гарантия менен камсыз кылынышы мүмкүн.

4. Бардык кредиттер мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык толтурулган тиешелүү юридикалык документтер меыен далилденүүгө тийиш.

5. Комиссиялык сый акынын жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдүн өлчөмү кредиттик союздар тарабынан, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, өз алдынча белгиленет.

Пайыздык чендин өлчөмү кредиттик союздар тарабынан, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, өз алдынча белгиленет.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 , Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-26)
