# 20-статья. Сактык пайлар

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236811..1236812>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 20-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-20

---

1. Кредитгик союздун уставында кредиттик союзга өтүү үчүн талап кылынган сактык пайларынын минималдуу өлчөмү Кыргыз Республжкасынын Улуттук банкынын талаптарын эске алуу менен аныкталууга тийиш.

2. Кредиттик союздун бир катышуучусунун сактык пайларынын өлчөмү кредиттик союздун бардык төлөнгөн сактык пайларынын суммасынын он пайызынан ашпоого тийиш.

3. Кредиттик союздардагы сактык пайлары үчүнчү жакка, анын ичинде, кредиттик союздан кетип жаткан катышуучу макулдугу менен сактык жайларын кредиттик союздун башка катышуучусуна өткөрүп берсе, катышуучулардын кредиттик союздан чыгып кеткен учурларын эске албаганда, кредиттик союздун башка катышуучуларына берилбейт.

4. Эгерде чыгым тартуу менен иштөөнүн кесепетинен кредиттик союздун активи толугу менен төлөнгөн сактык пайлардын жана милдеттенмелердин бирге алгандагы суммасынан аз болуп калса, анда кредиттик союздун катышуучулары келип чыккан чыгымдар өз ара бирдей бөлүштүрүлгөндөй жана кредитик союздун активдери толугу менен төлөнгөн сактык пайларынын жана милдеттенмелердин суммасына барабар болгудай кылып ар бир мүчөнүн пайларынын наркын төмөндөтүү тууралу чечимди кабыл алууга милдеттүү.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-21)
