# 19-статья. Кредиттик союздун тышкы аудити

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 19-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-19

---

1. Кредиттик союздун иши жылына аудитордук текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Аудитордук текшерүү тууралу чечим кабыл алынса, ал кредиттик союздун каржы жылы аяктагандан кийин 60 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

Эгерде кредиттик союз тышкы аудитти жүргүзбөөнү чечсе, тышкы аудитордун жоопкерчилиги кредиттик союздун текшерүү комиссиясына жүктөлөт.

2. Аудитор отчеттук жылдын акырына карата кредиттик союздун каржылык абалынын канчалык так чагылдырылгандыгы, отчеттук жыл ичинде каржылык иштин жыйынтыктары кандай жана учетко алуу туура жүргүзүлгөнбү, мына ушулар тууралу корутундуну берүүгө тийиш. Аудитордук текшерүүлөр активдердин сапатын текшерүүнү, ошондой эле мүмкүн болуучу кредиттик чыгымдардын ордун жабууга каралган резервдерге жетиштүү чегерилип жаткандыгына баа берүүнү да камтууга тийиш.

3. Аудитордун кредиттик союздун бардык бухгалтердик китептерин, счетторун, кириш-чыгыш документтерин, счет-фактураларын жана башка документтерин кароого уруксаты болууга тийиш. Башкарманын, комитеттердин же комиссиялардын мүчөлөрү, ошондой эле кредиттик союздун жалданган кызматкерлери аудитор талап кылган бардык маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

4. Аудитор жылдык жалпы чогулушта аны менен кредиттик союздун катышуучуларын тааныштырууга милдеттүү болушкан кредиттик союздун башкармасына жана текшерүү комиссиясына аудитордук корутундуларды жана башка сунуштарды берүүгө милдеттүү.

V-Глава Кредиттик союздагы сактык пайлары

---

Мурунку берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-181)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-20)
