# 181-статья. Кызыкчылыктардын келишпестиги

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236811..1236812>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 181-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-181

---

1. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын башка мүчөлөрү менен жакын туугандыгы бар адамдар бир мезгилде кредиттик союздун башкаруу органынын (башкарманын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиясынын, байкоочу кеңештин) мүчөлөрү боло алышпайт.

2. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын бир да мүчөсү анын жеке мүлктүк кызыкчылыгына же жакын тууганынын, же анын ишмердигинде башкаруу органынын ушул мүчөсү түз же кыйыр мүлктүк кызыкчылыкка ээ болгон башка адамдын кызыкчылыгына байланыштуу маселелердин чечилишине эч кандай жол менен таасир эте албайт. Мындай маселелерге кредит берүү же төлөө, сактык пайын, депозитти салуу же алуу, уюмдардын капиталына жана негизги каражаттарына инвестициялар, лизинг операцияларын жана эсептешүүлөрдү ишке ашыруу, ошондой эле башка операциялар кирет.

Кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрү кызыкчылыктардын келишпестиги орун алгандыгы тууралуу маалыматты алдын ала кредиттик союздун башкармасына билдирүүлөрү керек, башкарма бул маалыматты кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынына жеткирүүгө милдеттүү.

3. Кредиттик союздун дыйкан (фермердик) чарба же кооператив түрүндөгү юридикалык жактардын катышуучулары болуп эсептелген, ушул кредиттик союзда мүчө болгон катышуучулары бул тууралуу дароо башкармага билдирүүлөрү керек, башкарма бул маалымат менен кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынына жеткирүүгө милдеттүү.

4. Кызыкчылыктардын келишпестиги боюнча орун алган жана катышуучулардын байланышы тууралуу маалымат кредиттик союздун бардык катышуучулары ала алгыдай болууга тийиш.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-18)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-19)
