# 18-статья. Кредиттик союздун текшерүү комиссиясы

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236811..1236812>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 18-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-18

---

1. Жылдык чогулуш курамы үч адамдан турган текшерүү комиссиясын түзөт, ал кредиттик союздагы счетторду, документтерди жана иштин абалын дайыма текшерүүнү жүргүзүүгө же уюштурууга милдеттүү. Эгерде ар жылдык чогулуш текшерүү комиссиясын шайлабоону чечсе, кредиттик союздун катышуучуларынын ар жылдык жалпы чогулушунун чечими боюнча текшерүү комиссиясынын функциясын тышкы (көз карандысыз) аудитор өткөрөт. Тышкы аудитор кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушу тарабынан шайланат. Ушул кредиттик союздун катышуучусу болуп саналган адамдар кредиттик союздун тышкы аудиторлору боло алышпайт.

Башкарманын мүчөлөрү жана кредиттик комитеттин мүчөлөрү кредиттик союздун текшерүү коммиссиясына шайлана албайт. Текшерүү комиссиясы 3 жылдык мөөнөткө шайланат, анын мүчөлөрү кайрадан шайланышы мүмкүн.

2. Текшерүү комиссиясы өз иш-аракетинин эсебин алууга милдеттүү. Комиссиянын иши тууралу отчет кредиттик союздун башкармасына жана катышуучулардын жылдык чогулушуна көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Текшерүү комиссиясы жалданган кайсыл гана кызматкер болбосун, анын ыйгарым укуктарын токтото турууну же таптакыр токтотуп салууну кредиттик союздун башкармасына сунуш кылышы мүмкүн. Бул маселе боюнча чечим текшерүү комиссиясынын катышып жаткан мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 добушу менен кабыл алынат.

Текшерүү комиссиясы жалпы чогулушка кредиттик союздук Башкармасынын жана/же кредиттик комитеттин кайсыл гана кызматкери болбосун, анын ыйгарым укуктарын токтотуу же таптакыр токтотуп салуу тууралу сунуш кылышы мүмкүн. Бул маселе боюнча чечим текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн бир добуштан колдоосу боюнча кабыл алынат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-17)  
Кийинки берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-181)
