# 17-статья. Кредиттик союздун кредиттик комитети

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 17-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-17

---

1. Кредиттик союзда кредиттик комитет түзүлөт, анын мүчөлөрү кредиттик союздун жалпы чогулушу тарабынан дайындалат.

Кредиттик комитеттин курамы так сандан турууга, бирок үч адамдан кем болбоого тийиш. Кредиттик комитет 3 жылдык мөөнөткө шайланат, анын мүчөлөрү кайрадан шайланышы мүмкүн.

2. Кредиттик комитет билдирмелерди кароо же кредиттер менен иштөө талап кылганына жараша чогулуп турууга тийиш. Кредиттик комитеттин иш регламенти кредиттик союздун башкармасы тарабынан бекитилет.

3. Кредиттик комитет кредит алууга кредиттик союздун катышуучуларынын ар бир арызы боюнча чечим кабыл алат. Бир да кредит кредиттик комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу болмоюнча берилиши мүмкүн эмес.

Берген билдирмелери четке кагылган кредиттик союздун катышуучусу, бул чечимге кредиттик союздун башкармасында же анын жалпы чогулушунда даттана алат.

---

Мурунку берене: [161-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-161)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-18)
