Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-статья. Кредиттик союздун Башкармасы
Күчүндө · 28.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60
Кредиттик союздун Башкармасы анын катышуучуларынын ичинен шайланат жана кредиттик союздун күнүмдүк ишине жетекчилик кылат. Кредиттик союздун Башкармасынын жалпы милдети катышуучулардын өздүк жыйымдарын коргоо жана алардын сакталышын камсыз кылуу, кредиттик союздун катышуучулары үчүн мүмкүн болушунча кеңири спектрдеги кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Кредиттик союздун Башкармасы өз ишинин жыйынтыгы боюнча жыл сайын кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы чогулушунда отчет берет.
2. Кредиттик союздун Башкармасынын ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет:
1) кредиттик союздун ишинин эрежелерин жана аларга кийинки өзгөртүүлөрдү бекитүү;
2) бекитилген принциптерге жана ченемдерге ылайык кредиттик, пайыздык, ссудалык жана инвестициялык саясатка карата сунуштарды даярдоо;
3) катышуучулар тарабынан сактык пайларынын кошумча төлөмдөрүн киргизүү тартибин жана алардын өлчөмүн белгилөө;
4) кредиттик союзга жаңы катышуучуларды кабыл алуу жана чыгаруу менен байланышкан маселелер;
5) эгерде кредиттик союздун уставында ал тууралу каралган болсо, жалданган кызматкерлердин эмгек акыларынын өлчөмүн аныктоо;
6) кредиттик союздун күндөлүк ишине байланыштуу жана жалпы чогулуштун компетенциясына кирбеген жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
3. Кредиттик союздун Башкармасы так сандан, бирок кредиттик союздун катышуучуларынын 3 мүчөсүнөн кем болбогон курамдан турат.
Кредиттик союздун башкармасы 3 жылдык мөөнөткө шайланат, анын мүчөлөрү кайтадан шайланышы да мүмкүн. Кредиттик союздун башкармасынын мүчөлөрү башкарманын төрагасына жазуу жүзүндө арызын берүү менен каалаган учурда отставкага кетүүгө укуктуу.
4. Кредиттик союздун Башкармасынын мүчөлөрүн кызматтарынан чакырып алуу ошол адамга алдын ала тиешелүү түрдө толтурулган билдирүүнү жөнөтүү менен катышуучулардын жалпы же кезексиз чакырылган чогулушунун чечими менен ишке ашырылат. Ушул маселе боюнча чечим кредиттик союздун чогулушуна катышып отурган жана добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын 2/3 добушу менен кабыл алынууга тийиш.
5. Кредиттик союздун башкарма мүчөлөрү өздөрүнүн биринчи жыйналышында төраганы шайлоого, бухгалтерди жана катчыны дайындоого тийиш.
Кредиттик союздун Башкармасынын төрагасы кредиттик союздун күндөлүк ишине жетекчилик кылат жана кредиттик союздун тыштан тартылган кызматкерлеринин ишине башкаруунун жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.
6. Башкарманын отурумдары зарылчылыкка жараша бирок, айына кеминде бир жолу өткөрүлүп турат.
Башкарма эгерде, отурумга анын мүчөлөрүнүн кеыинде 2/3 катышкан учурда анын кароосуна коюлган маселелерди чечүүгө укуктуу. Чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
7. Кредиттик союздун Башкармасынын отурумунун протоколун жана стенографиялык отчетун кредиттик союздун катчысы жүргүзөт. Отурумдун протоколуна отурумга катышкан кредиттик союздун башкармасынын бардык мүчөлөрү жана анын катчысы кол коюуга тийиш.
8. Кредиттик союздун Башкармасынын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссияньш жана башка комитеттердин жана комиссиялардын мүчөлөрү кредиттик союзда акысыз иштеп беришет. Жалпы чогулуштун чечими менен алардын кредиттик союздун башкаруу органдарынын ишине катышуусунун деңгзэлине жараша аларга сыйлык акылар каралышы мүмкүн.
Аталган адамдарга кредиттик союздун ишине байланыштуу өз милдетин аткаруу учурунда тарткан чыгымдарынын орду толтуруп берилет. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/280/st-16" title="16-статья - Кредиттик союздар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>