# 15-статья. Кредиттик союздун катышуучуларынын чогулушундагы кворум жана добуш берүү

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236813..1236814>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 15-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-15

---

1. Жалпы жыйын, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу болгон мүчөлөрүнүн кеминде элүү пайызынын добушуна жетишилген болсо, укук ченемдүү болуп саналат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынында добуш берүүгө жашы жеткен жеке адамдар - катышуучулар жана дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактардын - катышуучулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү укуктуу. Кворум болбогон учурда кредиттик союздун башкармалыгы отуз күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, катышуучулардын жалпы чогулушун кайра чакырууга милдеттүү, эгерде ага кредиттик союздун добуш берүү укугуна ээ катышуучуларынын отуз пайыздан кем эмеси катышса, ал ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген кредиттик союздун катышуучусу ага тиешелүү сактык пайларынын санын карабастан чечимдерди кабыл алууда бир гана добушка ээ болот.

3. Ушул статьянын 1-пунктунун шарттарына ылайык келген жеке жактар - кредиттик союздун катышуучулары жалпы чогулуштарда өзү добуш бериши же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ишеним катты ага берүү менен добуш берүүчү өкүлүн дайындашы мүмкүн.

Ишенимдүү адам кредиттик союзду башкаруунун кандайдыр бир органынын (башкарманын, кредиттик комитеттин, текшерүү комиссиясынын же башка комитеттин) мүчөсү болууга тийиш эмес.

4. Кредиттик союздун башкармасынын, кредиттик комитетинин, текшерүү комиссиясынын жана башка комитеттеринин мүчөлөрүн кайта чакыртып алууга тиешелүү, жыйынга катышып жаткан жана добуш берүүгө укуктуу катышуучулардын кеминде 2/3 добушун талап кылган маселелерди эске албаганда, жалпы жыйында чечимдер ага катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Жалпы жыйында кредиттик союздун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, бекитүү, кредиттик союзду кайра өзгөртүп түзүү жана/же жоюу маселелери боюнча чечимдер, эгерде кредиттик союздун добуш берүүгө укуктуу катышуучуларынын жалпы санынын элүү пайыздан кем болбогону добуш берген болсо кабыл алынат.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-16)
