# 12-статья. Кредиттик союзга кабыл алуу

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236811..1236812>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 12-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-12

---

1. Кредиттик союздун башкармалыгы жазуу жүзүндө берилген арыздын негизинде кредиттик союзга кабыл алуу жөнүндө өтүнүчтү карайт жана бир айдан ашпаган мөөнөт ичинде ал боюнча чечим чыгарат.

Дыйкан (фермердик) чарба жана кооперативдер түрүндөгү юридикалык жактар кредиттик союзга кирүү учурунда арыз менен бирге өзүнүн уставынын, уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрүн жана өз катышуучуларынын тизмесин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн түрдө берет.

2. Кредиттик союздун уставында кредиттик союзга мүчөлүктү токтотууну караган шарттар аныкталууга тийиш.

3. Кредиттик союздун катышуучуларынын ортосунда же мурдагы катышуучулары, ошондой эле тыштан тартылган кызматкерлер менен кредиттик союздун ортосунда келип чыккан пикир келишпестиктер сүйлөшүү жолу менен, ал эми ынтымакка келишпесе, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.

4. Кредиттик союздун катышуучусу өзү ээлик кылган төлөнгөн сактык пайларынын өлчөмүнүн чегинде гана кредиттик союздук милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат. Кредиттик союздун Уставында кредиттик союздун милдеттенмелери боюнча катышуучулардын кошумча жоопкерчиликтери каралышы мүмкүн.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-13)
