# 10-статья. Кредиттик союздун капиталы

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236811..1236812>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 10-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-10

---

1. Кредиттик союздун капиталы коюлган талапка ылайык түзүлгөн, төлөнгөн сактык пайларынан жана бөлүштүрүлбөгөн пайда резервдеринен турат.

Кредиттик союздун капиталы кредиттик союздун ишин жүзөгө ашыруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге каршы коргонуу чарасы катары аракеттенет.

2. Кредиттик союздун капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптар жана аны түзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет.

Эгерде кредиттик союздун катышуучуларына сактык пайларды төлөөнүн натыйжасында анын сактык пайларынын жалпы суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сактык пайлардын жалпы суммасынын минималдуу өлчөмүнөн аз болуп калса, кредиттик союз ушул Мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш.

3. Кредиттик союздун капиталы катышуучулардын акча каражаттарынын эсебинен түзүлүүгө тийиш. Кредиттик союздун капиталын, негизги каражаттарды, баалуу кагаздарды жана материалдык эмес активдерди кошо алганда, башка активдер менен түзүүгө жол берилбейт.

(КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык) III-Глава Кредиттик союзга мүчөлүк

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-11)
