# 1-статья. Кредиттик союз түшүнүгү

- Документ: [Кредиттик союздар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/280)
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 28-октябрындагы № 117 "Кредиттик союздар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 117
- Кабыл алынган күнү: 28.10.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 26.04.2013 [Закон КР от 26 апреля 2013 года № 60 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203867); 23.01.2009 [Закон КР от 23 января 2009 года № 23 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203104)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/280#diff=1236814..1236815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-266/edition/1236811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/280/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кредиттик союздар жөнүндө, 1-статья (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-1

---

Кредиттик союз - бул кредиттик союздун катышуучуларынын жеке аманаттарын кошуу жана аларды өз ара кредиттөө үчүн пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызматтарды, анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык көрсөтүү жолу менен өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) жардам көрсөтүү максаттарында кооператив формасында түзүлүүчү финансы-кредиттик уюм. Кредиттик союздардын иши ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Башка мыйзамдарда камтылган жана кредиттик союздардын ишине байланышкан маселелерге тиешелүү нормалар ушул Мыйзамга ылайык келүүгө тийиш. Кредиттик союздардын ишинин маселелерин жөнгө салуучу башка мыйзамдарда камтылган нормалар ушул Мыйзамдын нормалары менен карама-каршы келген учурда ушул Мыйзамдын нормалары колдонулат. Кредиттик союздардын иш-аракети ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары менен жөнгө салынат. Өз ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашыруучу кредиттик союздардын ишин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 23, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 60, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/280/st-2)
