# Кеӊеш айылдык кеӊешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 25-2 "2013-жыл үчүн жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кеӊеш айылдык кеӊешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 25-2 "2013-жыл үчүн жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25-2
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27909>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3159/edition/459059/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27909.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кеӊеш айылдык кеӊешинин 2012-жылдын 23-ноябрындагы № 25-2 "2013-жыл үчүн жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө" токтому (23.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27909

---

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңешинин (4-чакырылышы) кезексиз жыйырма бешинчи сессиясынын жыйналышы

2012-жылдын 23-ноябры № 25-2 2013-жыл үчүн жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө Кеңеш айылдык округунун айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012-жылдын 03-ноябрындагы №08-6/582 сандуу катын аткарууга алуу максатында Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңешинин депутаттарына 2013-жылдын бюджети үчүн Кыргыз республикасынын Салык Кодексинин негизинде жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдү бекитип берүү жөнүндөгү” сунуш катын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айылдык округунун айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 327, 339 жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 жана12/2 беренелеринин негизинде 2013-жыл үчүн төмөндөгүдөй салык коэффиценттери бекитилсин.

а). Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 339-беренесинин 4-бөлүкчөсүнүн негизинде “Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын зоналдык коэффиценти” (К1) 0,9 .

б). Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 327-беренесинин 8-бөлүкчөсүнүн негизинде “Мүлк салыгынын ишкердүүлүк кызмат көрсөтүүсү боюнча коэффицент” (К2) 0,3

в). Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1-беренесинин негизинде айылдык округдун аймагындагы таштанды ташып чыгаруудан алынуучу юридикалык жана физикалык тараптардан (жеңилдик алуучулардан башкалары) 60 сом өлчөмүндө салык ставкасы.

г). Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/2-беренесинин негизинде айылдык округдун аймагындагы автотранспортторду парковкалоо ажыратылбагандыгы белгиленсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Мадраимовко жүктөлсүн.

Кеӊеш айылдык кеӊешинин төрагасы

К. Кадырова
