# Көк-Жар айылдык кеңешинин 2012-жылдын 18-январындагы №22-1 "Мамлекеттин салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012- жылдын 10- январдагы №08-6/12 катын кароо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Көк-Жар айылдык кеңешинин 2012-жылдын 18-январындагы №22-1 "Мамлекеттин салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012- жылдын 10- январдагы №08-6/12 катын кароо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: №22-1
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27826>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3077/edition/452761/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27826.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Көк-Жар айылдык кеңешинин 2012-жылдын 18-январындагы №22-1 "Мамлекеттин салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012- жылдын 10- январдагы №08-6/12 катын кароо жөнүндө" токтому (18.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27826

---

КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын кезексиз жыйрма экинчи (XXII) сессиясы

2012-жылдын 18-январы №22-1 Мамлекеттин салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012- жылдын 10- январдагы №08-6/12 катын кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 324-берененсинин 1,2,3- бөлүктөрүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2012- жылдын 10- январындагы №08-6/12 катынын негизинде Көк-Жар айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жар айылдык округунун аймагында 2012-жылга карата жер (айыл чарбы багытындагы, айыл чарба багытындагы эмес, тамарка салыгына) жана мүлк (1,2,3-топтогу ) салыгына салыктарды алуу киргизилсин.

2. Жогорудагы салыктардын план боюнча мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу айылдык округдун ФЭБнүн башчысы Т.Исмаиловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомду бекитүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.

Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы

А. Исраилов
