# Он Эки Бел айылдык кеңешинин 2012-жылдын 24-апрелиндеги №17-10 "Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11 - февралындагы № 21 токтомун бекитип берүү жөнүндө." токтому

- Толук аталышы: Он Эки Бел айылдык кеңешинин 2012-жылдын 24-апрелиндеги №17-10 "Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11 - февралындагы № 21 токтомун бекитип берүү жөнүндө." токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: №17-10
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27780>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-3031/edition/452942/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27780.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Он Эки Бел айылдык кеңешинин 2012-жылдын 24-апрелиндеги №17-10 "Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11 - февралындагы № 21 токтомун бекитип берүү жөнүндө." токтому (24.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27780

---

ОН ЭКИ БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Он Эки Бел айылдык кеңешинин төртүнчү чакырылышынын он жетинчи сессиясы

2012-жылдын 24-апрели №17-10 Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11 - февралындагы № 21 токтомун бекитип берүү жөнүндө. Он Эки Бел айылдык округуна караштуу Он Эки бел айылынын 2009- жылдын 2-мартындагы айылдык жамааттын жыйынынын балдар бакчасын уюштуруу үчүн К. Асранов атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтында жайгашкан № 2- корпусун балдар бакчасы үчүн пайдаланууга ажыратып берүү жөнүндөгү протоколун бекитип берүү жана уюштуруучу Он Эки Бел айылынын тургуну Абдыкаимова Бузайнаптин арызын жана Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11- февралындагы № 21 токтомун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25,32, 68- беренелеринин негизинде Он Эки Бел айьшдык округдук кеңешинин он жетинчи сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Он Эки Бел айылдык округунун 2012- жылдын 11- февралындагы № 21 токтому бекитилсин.

2. Он Эки Бел айылдык округуна караштуу Он Эки Бел айылынын К. Асранов атындагы орто мектебинин окуу имаратынын № 2- корпусун максаттуу багыты балдар бакчасын уюштуруу үчүн өзгөртүлсүн.

3. Балдар бакчасын уюштуруу үчүн керектүү юридикалык иш кагаздарын даярдап каттоодон өткөрүү жагы уюштуруучу Б. Абдыкаимовага милдеттендирилсин.

4. Жаңы ачылып жаткан балдар бакчасынын уюштуруу үчүн берилген имараттын капиталдык ремонту жана инвентарларга керектелүүчү каражаттарга проекте көрсөтүлгөн акча каражатынын 10 пайызын жергиликтүү бюджеттин кошумча булактарынан түшкөн акча каражаттарынын эсебинен жергиликтүү салым бөлүнүп берилсин.

5. Токтомдун аткарылышын Он Эки Бел айылдык округунун башчысы Т. Калбаевке тапшырылсын.

Он Эки Бел айылдык кеңешинин төрагасы

М. Мойдинов
