# Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 23-июнундагы №XXVII-4 "Ноокат шаарынын мэриясынын эсеп счетуна 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө." токтому

- Толук аталышы: Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 23-июнундагы №XXVII-4 "Ноокат шаарынын мэриясынын эсеп счетуна 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө." токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: №XXVII-4
- Кабыл алынган күнү: 23.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2976/edition/452284/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ноокат шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 23-июнундагы №XXVII-4 "Ноокат шаарынын мэриясынын эсеп счетуна 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө." токтому (23.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27725

---

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин (II - шайланган) кезектеги XXVII сессиясынын заседаниеси

2012-жылдын 23-июну №XXVII-4 Ноокат шаарынын мэриясынын эсеп счетуна 2011 -жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү жөнүндө. Ноокат шаарынын мэриясынын атайын эсеп счетуна 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатын иштетүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан бөбөктөргө тамак -аш сатып алуу үчүн 78,5 миң сом Ноокат шаарынын мэриясынын атайын эсеп счетуна 2011-жылдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен ажыратып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин өнөр жай, курулуш, транспорт, коммуникация, кичи ишканалар, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.

Депутаттардын Ноокат шаардык Кеңешинин төрайымы

Б.Калдарова
