# 8-статья. Квалификациялык комиссия

- Документ: [Адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/277)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 21-октябры № 114 "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 21.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 июля 2014 года № 135 "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-263/edition/562645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/277/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адвокаттык иш жөнүндө, 8-статья (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-8

---

Квалификациялык комиссия адвокаттык иш жүргүзүүнү каалаган адамдарды сынактан өткөрөт. Төмөндөгүлөр:

- юридикалык жогорку билими барлар;

- кеминде бир жыл юридикалык иш тажрыйбасы барлар же кеминде бир жыл адвокаттын жардамчысы болуп иштегендер;

- атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу жоктор лицензия алуу үчүн сынакка киргизилет.

Сынак үчүн киргизиле турган юридикалык сабактардын тизмеси жана сынактан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги тарабынан бекитилет. Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдында түзүлөт. Квалификациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги тарабынан аныкталат. Квалификациялык комиссиянын төрагасы анын заседаниесинде бир жылдык мөөнөткө шайланат. Квалификациялык комиссиянын чечими анын көчүрмөсү ишке тиешеси бар адамга тапшырылган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө даттанылышы мүмкүн. Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамдар экинчи жолку сынакка бир жыл өткөндөн кийин гана киргизилиши мүмкүн. Квалификациялык комиссия жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-9)
