8-статья. Квалификациялык комиссия
Күчүн жоготкон · 14.07.2014 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 июля 2014 года № 135.
Квалификациялык комиссия адвокаттык иш жүргүзүүнү каалаган адамдарды сынактан өткөрөт. Төмөндөгүлөр:
- юридикалык жогорку билими барлар;
- кеминде бир жыл юридикалык иш тажрыйбасы барлар же кеминде бир жыл адвокаттын жардамчысы болуп иштегендер;
- атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу жоктор лицензия алуу үчүн сынакка киргизилет.
Сынак үчүн киргизиле турган юридикалык сабактардын тизмеси жана сынактан өтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги тарабынан бекитилет. Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин алдында түзүлөт. Квалификациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилиги тарабынан аныкталат. Квалификациялык комиссиянын төрагасы анын заседаниесинде бир жылдык мөөнөткө шайланат. Квалификациялык комиссиянын чечими анын көчүрмөсү ишке тиешеси бар адамга тапшырылган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө даттанылышы мүмкүн. Квалификациялык сынактан өтпөй калган адамдар экинчи жолку сынакка бир жыл өткөндөн кийин гана киргизилиши мүмкүн. Квалификациялык комиссия жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 14.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 "Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 17.03.2014 · № 148 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/277/st-8" title="8-статья - Адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>