# 21-статья. Юридикалык жардам жөнүндө келишим

- Документ: [Адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/277)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 21-октябры № 114 "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 21.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 июля 2014 года № 135 "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-263/edition/562645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/277/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адвокаттык иш жөнүндө, 21-статья (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-21

---

Адвокат (адвокаттык мекеме) жеке же юридикалык жактарга алар менен же алардын таламдарында аракеттенген адамдар менен түзүлгөн келишим боюнча юридикалык жардам көрсөтүшөт. Мыйзамда каралган учурларда, адвокат келишимсиз юридикалык жардам көрсөтөт. Адвокат (адвокаттык мекеме), эгерде ал юридикалык жардамды таламдары иш жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдардын таламдарына каршы келген адамдарга мурда көрсөтүшсө же көрсөтүп жатышса, юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырма алууга укугу жок. Адвокат, сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү жүргүзгөн адам, эксперт адис, тилмеч, күбө же күбө калыс катары ишке катышса, ошондой эле ишти тергөөгө же кароого өзү менен туугандык мамиледе болгон кызмат адамы катышкан учурда, адвокат юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтү кабыл алууга укуксуз. Адвокат өз кардарынын таламдарын сактоого тийиш. Адвокат жазык процессиндеги өзүн-өзү каралап чыккандан башка учурларда, чечиминин мааниси жана мүмкүн болуучу кесепети жөнүндө кабары бар жакталып жаткан же өкүлү болгон адамдын ачык билдирилген эркине каршы иш боюнча укуктук позицияны ээлей албайт.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-22)
