21-статья. Юридикалык жардам жөнүндө келишим
Күчүн жоготкон · 14.07.2014 редакциясы · 5-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 июля 2014 года № 135.
Адвокат (адвокаттык мекеме) жеке же юридикалык жактарга алар менен же алардын таламдарында аракеттенген адамдар менен түзүлгөн келишим боюнча юридикалык жардам көрсөтүшөт. Мыйзамда каралган учурларда, адвокат келишимсиз юридикалык жардам көрсөтөт. Адвокат (адвокаттык мекеме), эгерде ал юридикалык жардамды таламдары иш жүргүзүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган адамдардын таламдарына каршы келген адамдарга мурда көрсөтүшсө же көрсөтүп жатышса, юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырма алууга укугу жок. Адвокат, сот, прокурор, тергөөчү, алгачкы текшерүү жүргүзгөн адам, эксперт адис, тилмеч, күбө же күбө калыс катары ишке катышса, ошондой эле ишти тергөөгө же кароого өзү менен туугандык мамиледе болгон кызмат адамы катышкан учурда, адвокат юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтү кабыл алууга укуксуз. Адвокат өз кардарынын таламдарын сактоого тийиш. Адвокат жазык процессиндеги өзүн-өзү каралап чыккандан башка учурларда, чечиминин мааниси жана мүмкүн болуучу кесепети жөнүндө кабары бар жакталып жаткан же өкүлү болгон адамдын ачык билдирилген эркине каршы иш боюнча укуктук позицияны ээлей албайт.
Берененин тексти 14.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/277/st-21" title="21-статья - Адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>