# 17-статья. Адвокаттык иштин кепилдиги

- Документ: [Адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/277)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 21-октябры № 114 "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 21.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 июля 2014 года № 135 "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-263/edition/562645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/277/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адвокаттык иш жөнүндө, 17-статья (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-17

---

Адвокаттын кесиптик укугу, ар намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот. Мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, юридикалык жардам көрсөтүү максатында орун которуу ага зарыл болсо, адвокаттын башка жакка баруу эркиндиги чектелиши мүмкүн эмес. Адвокаттык иш үчүн атайын уруксат алууну талап кылуу жана башка мыйзамсыз тоскоолдуктарды түзүү, адвокаттык ишке кийлигишүү, адвокатка урматтабай мамиле жасоо, коркутуу-үркүтүү, анын дарегине мазактоолорду жана ушактоолорду айтуу, өмүрүнө, саламаттыгына жана мүлкүнө шек келтирүү же кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет. Юридикалык жардамга байланыштуу маалыматтарды алып коюуга, карап чыгууга, текшерүүгө, көчүрмөсүн алууга адвокат айыпкер катары тартылган учурларда гана, ал эми башка учурларда жазыктык, жарандык, тартиптик иштерди же администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди караган учурларда - кардардын макулдугу менен гана жол берилет. Адвокаттык жашыруун сырдын затына кире турган жагдайлар жөнүндө адвокат күбө катары чакырылбайт жана суракка алынбайт. Адвокат ушул жагдайлар жөнүндө түшүнүк же көрсөтүү берүүгө, ал эми изин суутпай-издөө иштерине, сот ишинин жүрүшүнө, укук коргоо органдарында администрациялык жана башка иш жүргүзүүгө пайдалануу үчүн алар жөнүндө кандайдыр-бир материалдарды берүүгө укуксуз. Юридикалык жардам көрсөтүү менен байланыштуу адвокаттан алынган түшүнүк, көрсөтүүлөр жана материалдар далил катары табылышы мүмкүн эмес. Ар кандай органдар, уюмдар, мекемелер, ишканалар, кызмат адамдары жана башкалар тарабынан адвокаттык ишке ар кандай формада кийлигишүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-18)
