# 16-статья. Адвокаттын кол тийбестиги

- Документ: [Адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/277)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 21-октябры № 114 "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 21.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 июля 2014 года № 135 "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-263/edition/562645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/277/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адвокаттык иш жөнүндө, 16-статья (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-16

---

Адвокаттын турак-жайына же жумуш бөлмөсүнө, пайдаланган транспортуна кирүү, ал жерде кароону, тинтүүнү, алып коюуну жүргүзүү, адвокаттын өзүн кароо же тинтүү, анын мүлкүнө камак салуу жана почта-телеграф корреспонденцияларын карап чыгуу жана алып коюу, анын телефондук жана башка сүйлөшүүлөрүн тыңшоо, адвокатты мажбурлап алып келүү, кармоо жана камакка алуу прокурордун токтому же соттун аныктамасы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Өзүнүн кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда адвокаттар жекече текшерүүгө же жекече тинтүүгө алынышы мүмкүн эмес. Адвокаттын кесиптик ишине байланыштуу ага карата кылмыш ишинин козголушу мүмкүн, ал эми камакка алуу Кыргыз Республикасынын башкы прокурору же анын орун басарларынын санкциясы менен гана жүргүзүлөт. Өзүнүн кесиптик ишине байланыштуу адвокат көрсөтүлгөн прокурорлордун токтому боюнча гана айыпкер катары ишке тартылышы мүмкүн. Адвокатка карата кылмыш иши козголгондугу, анын айыпкер катары тартылышы жөнүндө, ошондой эле анын кармалышы же камакта болушу тууралу Кыргыз Республикасынын Адвокаттар коллегиясына токтоосуз билдирилет. Кесиптик өтөлүн аткаруу учурунда адвокат билдирген пикири, сотто же болбосо укук коргоо органдарынын алдында жасаган билдирүүсү, ошондой эле таанылган кесиптик милдеттери жана этикалык ченемдерге ылайык жүргүзүлө турган ар кандай аракеттери үчүн тартиптик, жарандык-укуктук, администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-17)
