# 14-статья. Адвокаттын жардамчысы

- Документ: [Адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/277)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 21-октябры № 114 "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 21.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 июля 2014 года № 135 "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 178 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/277#diff=562646..562647>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-263/edition/562645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/277/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адвокаттык иш жөнүндө, 14-статья (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-14

---

Юридикалык жардам көрсөтүү учурунда көмөкчү иштерди аткаруу үчүн адвокат жогорку юридикалык билимдүү адамдардан жардамчыларды алышы мүмкүн. Адвокаттын жардамчысы адвокаттардын укугуна ээ болушпайт жана тергөөдө, сотто жана башка мамлекеттик органдарда иш жүргүзүшүнө жол берилбейт. Адвокаттын катышуусунда же анын жазуу жүзүндө колу коюлуп, мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн тапшырмасы менен адвокаттын жардамчысы алгачкы текшерүү жана тергөө органдарында, сот жана башка мамлекеттик органдарда менчигинин түрүнө карабастан мекемелерде жана уюмдарда иштин материалдары менен таанышып чыгууга, документтерди алууга, алардын көчүрмөсүн даярдоого, көчүрүп жазууга жана адвокаттын процесстик ыйгарым укуктарына таандык кылынгандан башка, адвокаттын кароосундагы иштер боюнча башка тапшырмаларды аткарууга укуктуу. Адвокат менен анын жардамчысынын өз ара мамилеси, адвокаттын жардамчысы аткаруучу иштин көлөмү, эмгекке акы төлөө жана анын ишине таандык башка маселелер адвокат же адвокаттык мекеме менен адвокаттын жардамчысынын ортосунда түзүлүүчү келишим тарабынан аныкталат. Адвокаттын жардамчыларына юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдардын маалыматынын жашыруундулугун сактоо милдети жайылтылат. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-15)
