# 13-статья. Адвокаттын милдеттери

- Документ: [Адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/277)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 21-октябры № 114 "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 21.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 июля 2014 года № 135 "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-263/edition/562645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/277/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адвокаттык иш жөнүндө, 13-статья (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-13

---

Юридикалык жардам көрсөтүүдө адвокат:

- колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын жана кесиптик этиканын эрежелерин сактоого;

- өзүнө юридикалык жардам үчүн кайрылган жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоонун мыйзамда каралган бардык каражатын жана ыкмаларын колдонууга милдеттүү.

Иш боюнча тараптардын биринин өкүлү же коргоочусу катары чыккан жана чыгып жаткан адвокат ушул эле иш боюнча башка тараптын өкүлү же жактоочусу катары чыгууга укуксуз. Бир эле адам, тергөө процессинде жана соттордо эгерде бирин жактоонун таламы башкасын жактоо таламына каршы келсе, эки же бир нече адамдын жактоочусу боло албайт. Жактоочунун бирин башкага алмаштырууга жакталуучунун өтүнүчү же макулдугу боюнча гана жол берилет. Адвокат өзү макулдугун берген айыпкерди же соттолуучуну жактоодон баш тартууга укуксуз. Адвокат юридикалык жардам сурап кайрылган адамдарга карата:

- юридикалык жардамга кайрылган адам адвокат менен кеңешкенден кийин маалыматты ачыкка чыгарууга макул болгондон;

- юридикалык жардам үчүн кайрылган адам тарабынан адвокаттын пикири боюнча өлүмгө алып келиши же болбосо оор жаракат келтириши мүмкүн болгон аракеттерди жасоого жол бербөө үчүн жасалгандан башка учурларда, жашыруундукту сактоого милдеттүү.

Өзүнүн кесиптик милдетин аткаруу учурунда адвокат тарабынан, адвокатка кайрылган адамдан алынган маселелер боюнча, түшүндүрүүлөрдүн, кеңеш берүүлөрдүн жана башка маалыматтардын мазмуну жашыруундуулуктун заты болуп саналат. Адвокатка, адвокаттын жардамчысына, адвокаттык мекемелердин кызматкерлерине жашыруун маалыматтарга жаткан кабарды ачыкка чыгарууга жана аларды өз кызыкчылыгында же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында пайдаланууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-14)
