# 10-статья. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жана жокко чыгаруу

- Документ: [Адвокаттык иш жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/277)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 21-октябры № 114 "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 21.10.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.07.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 июля 2014 года № 135 "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/205356)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-263/edition/562645/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/277/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Адвокаттык иш жөнүндө, 10-статья (14.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-10

---

Адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жана жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынын колдонулушун токтото туруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органдын чечиминин негизинде:

- адвокат депутаттыкка жана башка шайлануучу кызматка шайланганда;

- мамлекеттик кызматка өткөн учурларда жүзөгө ашырылат.

Адвокатты адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынан ажыратуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген орган тарабынан:

- адвокат каалоосу менен өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткондо;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан айрылганда;

- ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларын одоно бузганда;

- ушул Мыйзамдын 5-статьясында каралган талаптар адвокат тарабынан бузулган учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Лицензиянын колдонулушун токтото туруу же аны жокко чыгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органдын чечими, ал алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/277/st-11)
