# Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 05- июлундагы № 34/3 "Жергиликтүү Кеңештин сандык курамын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 05- июлундагы № 34/3 "Жергиликтүү Кеңештин сандык курамын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 34/3
- Кабыл алынган күнү: 05.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/27633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-2884/edition/453644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/27633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Корул айылдык кеңешинин 2012-жылдын 05- июлундагы № 34/3 "Жергиликтүү Кеңештин сандык курамын бекитүү жөнүндө" токтому (05.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/27633

---

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Корул айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XXXIV кезексиз заседаниеси

2012-жылдын 05- июлу № 34/3 Жергиликтүү Кеңештин сандык курамын бекитүү жөнүндө 2012-жылдын 15-июнундагы № 10 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин негизинде ТОКТОМ КЫАТ:

1. Корул айылдык Кеңешинин жалпы калкынын саны 2011-жылдын 1-январына карата алты миң жети жүз он үч экендигин эске алуу менен анын ичинен Корул айылдык Кеңешинин 1-Май айылынын калкынын саны бир миң беш жүз токсон үч болгондуктан, № 140 1-Май шайлоо участкасына беш депутаттын сандык курам бекитилсин.

2. Корул айылдык Кеңешинин жалпы калкынын саны 2011-жылдын 1-январына карата алты миң жети жүз он үч экендигин эске алуу менен анын ичинен Корул айылдык Кеңешинин Тогуз-Булак айылынын калкынын саны эки миң бир жүз сексе эки болгондуктан, № 139 Тогуз-Булак шайлоо участкасына жети депутаттын сандык курамы бекитилсин.

3. Корул айылдык Кеңешинин жалпы калкынын саны 2011-жылдын 1-январына карата алты миң жети жүз он үч экендигин эске луу менен анын ичинен Корул айылдык Кеңешинин Кең-Жылга айылынын калкынын саны эки миң тогуз жүз отуз сегиз болгондуктан, № 138 Кең-Жылга шайлоо участкасына тогуз депутаттын сандык курамы бекитилсин.

4. Ушул токтом Алай аймактык шайлоо комиссиясына билдирилсин.

Корул айылдык Кеңешинин төрагасы

Т. Маназаров
